Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата
УНУТУЛГУС КҮНДӨР
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
Байгельдиева Фатима Мукашевна
Мына, быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 75 жыл толушун белгиледик. Ушунча жыл өтсө да, ошол оор күндөрдү унута албайбыз, күнү бүгүнкүдөй эсибизде. Согушка жарактуулар биринчи күндөн эле мобилизация пункттарына барып, согушка кетүүгө даярдана баштаган. Ал эми өз ыктыяры менен кетүүгө даяр болгондор канча! Эркек аял дебей, Советтер Союзунун бүт калкы бир муштумдай болуп, фашисттерге каршы турууга даяр болушту го. Биздин үй-бүлө ошол күндөрү Ысык-Көлдүн Санташ совхозунда болчу. Мен 8-класстын окуучусу элем. Бирок, мектепте окууга эч мүмкүнчүлүк болбоду. Мугалимдер жетишпейт. Эркек мугалимдер фронтко кетишкен. Мектепте ремонт болгон эмес, от жагылбайт. Окуу куралдары, китеп-дептер, сыя жок. 8-класста окуй турган эркек балдардын көбү жаштарын чоңойтуп, фронтко кетишкен. Алардан кат-кабар да келбестен, дайынсыз күм-жам болушту.

Совхоз фронт үчүн эт, сүт-май, дан, жашылча азыктарын, аскердик аттарды даярдоого милдеттүү болчу. Бул жумуштарды жалаң аялдар, чалдар, окуган-окубаган кыздар-балдар аткарууга тийиш элек. Эми ошол жылдары элибиздин бардык кыйынчылыктарга кайыл болуп, баарына чыдап, баш көтөрбөй иштегенине, патриоттуулугуна аябай таң калам да. Эт, нан эмес, бир ууч талканы жок үй бүлөлөр канча болгон. Ширеңке, туз, самын жок, чөптөн шакар самын кайнатышар эле. Кийим-кече жок. Болгон кийимдерин аяп кийишет, кийими жоктор эптеп жүндөн кофта, юбка токуп кийишкен. Ал кезде эл тофт жакчу. Түн жарымынан баштап, колдоруна калагын алып, терезе тыкылдатып, тутандырууга от сурап жүргөндөр канча. Ачарчылыктан жатып калгандар, көз жумгандар да болду.
Ошол 1941-жылы күзүндө мен совхоздун почта бөлүмүнө башчы болуп иштей баштадым. Совхоздун өзүн, Каркырадагы фермалары менен суунун сол жагындагы төрт кыргыз айылын: Токтоян, Сары-Тологой, Жылуу-Булак жана дагы бир айылды тейлөөчүмүн. Ал айылдардан чал почтальондор ат менен келип кат, гезит, офицердик пособиелерди алып кетишчү. Совхоздун борборун жана фермаларды өзүм тейлөөчүмүн. Телеграммалар, үч бурчтуу каттар, офицерлердин үй бүлөлөрүнө жөлөк пулдар (сертификат беле – унутуп калдым) келет. Кат сурап почтага келгендер алфавитке бөлүнгөн кутучадан кат болсо алып, кээ бири сүйүнсө, кээ бири катты окуп алып өкүрүп ыйлап эстен танып калат. Мен тосмонун ары жагында отурам да, тура калып, чуркап чыгып аялды сооротуп, бетине муздак суу чачам, суу ичирем. Өзүм да кошо ыйлайм. Бир күнү почтанын жанынан өтүп баратып Абды Кулумбаев деген сельсовет агай көрүп калып, "Эмне болду?" - деп почтага кирди. Мен ыйлап айтып бердим, похоронный кат келгенин. Анан ал кеңеш берди: - "Үч бурчтуу кат келгенде ачып көр, эгер жаман кабар болсо, мага бер, мен ал аялды сельсоветке чакырып өзүм угузам" – деп. Мен ошондой кылчумун. Бирок ал каттарды ачып окуш өзүм үчүн да чоң трагедия эле. Менин да эки байкем фронтко кеткен. Дайыны жок.

Офицерлердин үй-бүлөсүнө келген пулдарды сумкага салып алып, ат минип фермаларга өзүм барып таратып келчүмүн. Бир күнү токойдо баратсам "Стой!" – деген ун чыкты алдымдан. Ат кишенеп үркүп кетти, жыгылып кала жаздадым. Эки солдат экен, бирөө орус, экинчиси кара. "Кайда баратасың, кимсиң?" – дешти. Мен почтанын заведующимин, фермаларга баратам акча таратканы дедим. Атты чылбырдан алып, жүрү деп алып жөнөштү. Заставага алып келишти. Начальникке кирдик. Отуз беш-кырк чамасындагы жарадар офицер экен. Суракка алды: "Кимсиң, каякка бара жатасың" – деп. Айтып бердим. "Канча акча алып баратасың" – деп сурады. 70 миң рубль дедим. "Коркпойсунбу?" - деди, "Эмнеден корком? – десем: "Токойдун ичинде дезертирлер көп, кармап алса эмне болосуң?" деди. "А мен атчанмын да, качып кетпейминби!?" – дедим. "Минтпей жүр, жалгыз жүрчү болбо, бирөө коштосун, же фермалардан бирөө келип акчаны алып кетсин. Бул сен үчүн кооптуу иш", – деп катуу эскертти. Анан солдаттар фермага чейин узатып коюшту.

Дагы бир жанымды жай алдырбаган, жүрөгүмдү өйүткөн нерсе – согушка кетүү болчу. Талды-Суу военкоматына 2-3 жолу бардым. "Мен фронтко кетишим керек. Анда мен көбүрөөк пайда келтирем" - десем, "Жок, сен али жашсың" – дешет. "Анда партизанский отрядка жибере аласыңарбы?" - дедим. "18ге жете элексиң, бар иште. Тыл деле фронт" – дешти. Анан сельсовет Абды агайга барып, жалынып-жалбарып ыйладым. "Агай, эки жаш кошуп, документ жасап бериңиз" – деп. Апаман да сураттым. Бир канча убакыт өткөн соң эки жаш кошуп, 18 жаш деп паспортумду оңдоп берди. Сүйүнгөн бойдон военкоматка дагы чуркадым. Анда военкоматта орус жигиттер иштешчү. "Сени билебиз да, фронтко барганга бары бир жашсың. Бул жерде жардамың керек. Тыл деле фронт, барыңар фронт үчүн иштеп, ушул жерден берген жардамың көбүрөөк болот" – деп узатып коюшту. Военкомат айтпаса деле айылда коомдук, саясий уюштуруу иштерин жүргүзүп, чарба жумуштарына көп эле жардам берип жатканбыз да. Комсомолдор, жаштар бир кичинекей бөлмө сурап алып, жумасына күн алыс, кээде күнүгө кечинде чогулуп, иштей турган иштерибизди тактайбыз. Фронтко посылка чогултмай, айыл ичин кыдырып, ач болуп аткандарга, ооруларга жардам бермей. Картошка, капуста тигүү, түшүмүн жыйноо, чөп чаап-оруу жумуштарына, эгин тазалап мүшөккө салуу иштерине да көп көмөк көрсөтчүбүз. Мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына жогорку класстын окуучусун кошуп берип машак тердиребиз. Эми ошондогу кичине балдардын честныйлыгына таң каласың да Үйлөрүндө бир ууч талканы жок болсо да терген машак бир кило, жарым кило болобу кырманга алып барып беришчү.

Айына бир жолу, көбүнчө эки жолу согушуп жаткан жоокерлерге посылка жиберип жаттык. Жылуу байпак, кол кап, тамеки, талкан, курут, болуп калса сало (чочко майы). Ошол кезде совхоздун эли абдан начар жашаар эле. Кээ бирлери гана эптеп бир чочко байлап семиртип, кышка союп алышчу. Аларды биз билебиз да. Анан аскерлерге посылка жиберет элек, кичине сало бересиңерби деп ошолорго барсак алар аянчу эмес, жарым кило, бир килону беришчү. Мына, өзүлөрү ач-жылаңач эптеп оокат кылып жатышса да, "солдаттарга" десе аяшчу эмес. Аянбаган элибиздин мындай марттыгына жүрөгүң элжиреп кетээр эле. Жеңиш үчүн, аскерлерге десең эч нерсе аяшчу эмес. Ал эми алгачкы эки жылда канчалаган жоокерлерибиз мерт болду. Радиодон угуп, көзүбүздөн жаш кетчү, ого бетер чыйралчубуз, чарчоо эмне экендигин сезчү эмеспиз. Кол кап, байпак соккондо да улгайган апалар жардам беришчү. Өзүбүз да аларды сокконду үйрөнүп алдык. Анан согушчандарга кат жазып, жеңиш үчүн тылда болсок да бүткүл дитибиз, күчүбүз менен күн-түн дебей фронтко жарам берээрибизди билдирчүбүз. Аскерлер да бизге ыраазылык каттарын жазышчу.

Жумасына бир жолу айылды кыдырып муктаж болгондорго жардам көрсөтүп жүрдүк. Бир жолу аркы көчөдөгү бир үйгө кирсем - жымжырт, бүкүр аял отуруптур. Казак экен. Бир комнат топурак пол. Эски боз кийиздин үстүндө эски жууркан жая салынган, ал жерде үч бала жатат. Бирөө 9, экинчиси 6-7лерле, үчүнчүсү 3 жаш чамасында. Эми алардын арыктаганын айтпа, мойну чийдей, а курсактары көөп кеткен. 4-5 күндөн бери ачка экен. Үйдө темир меште бош казан асылып турат. Ичээрге-жегенге эч нерсе жок. Аял өзү да ачка, алы жок отурат. Чуркаган бойдон үйгө бардым да, эки чыны ун, ширеңке, туз, кара бөлкөнүн жарымын алып, кайра чуркап келип эшиктен кашек терип келдим да, казанга суу куюп от жактым, жарым чыныдай ун себелеп жарма жасадым. Анан аны жылуу кылып суутуп, балдарга болжол менен 50 граммдан, энесине жарым чыныдай ичирдим. Балдар башын да көтөрө алышпайт. "Эми бүгүн ичпегиле, эртең менен келип өзүм ичирем" - дедим. Бир нече күн тамак ичпегендерге көбүрөөк берсе өлүп калат деп уккам да. Анан бир комсомол кыз экөөбүз совхоздун директоруна барып үй-бүлөнүн ахыбалын айтып жарым килодой эт, май, бир аз талкан жаздырып алып барып бердик. Анан өзүм 4-5 күн барып жарма жасап, ичирип турдум. Бешинчи күн дегенде балдар араң баштарын көтөрүп отуруп калышты.

Байгельдиева Фатима Мукашевна
1942-1943-жылдар болсо керек совхоздо келте оруусунун эпидемиясы башталып калды, мектептен орун бошотуп лазарет ачышты. Терезе-эшиктерди эски жууркандар менен бүтөдүк Ошондо да суук, от жагылбайт. Орулуулар агресивдүү болот экен, жөн жатпай, тура качкандар болду. Комсомолдор, жаштар көп жардам көрсөттүк. Качкандарды жетелеп келип, тамагын жедирип жаткызчубуз.

Ушул мезгилде менде күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп кетти. Кең-Суу айылынын сельсоветинин председатели болуп Муңдук деген улгайып калган агай иштөөчү. Кадыр-барктуу, эл сыйлаган, оозунда сөзү бар адам эле. Анан аны саясий партизан деп да айтышчу. Борбордук комитет аны партизан иретинде эки жолу Кытайга жашыруун жиберген. Анан ошол агай асылды да калды: "Кең-Сууга дүкөнчү болуп кел, билимин бар, тыңсың" - деп. Апама да келип сүйлөштү. Ошентип, Кең-Сууга дүкөнчү болуп иштей баштадым. Ат араба, кышында чанаа менен эки жолу Талды-Сууга барып продукт алып келем: чакалаган буудай же ун, плиточный кара чай, кээде бир аздан соку кант, туз ж.б. майда-чүйдө. Бул продуктуларды мугалимдерге, медиктерге, офицерлердин үй-бүлөсүнө гана таратам. Бир плиточный чайды алтыга бөлөм. Кантты эки томолоктон, унду бир чака, кээде эки чакадан. Ишимди бат эле өздөштүрүп кеттим.

Бир жолу түш ооп калганда продуктуларымды алып, арабамды айдап Талды-Суудан келатсам, атым баспай токтойт. Камчыласам да болбойт. Анан бир мезгилде жыгылып калды. Арабадан түшүп келип карасам, ат дирт-дирт этип, көзү жумулуп баратат. Коркуп кеттим, тегеректе жан жок. Саат үч чамасы болуш керек. "Эмне кылам?!! - деп эсим чыкты. Ыйладым. Бир маалда атчан бир чал келе жатыптыр. "Атаа!" – деп сүйүнүп кеттим. Ал киши атынан түшүп, менин атымдын көзүн ачып карап: "Өлүп калган турбайбы, коркпо! Мен айылга тез жетип, андагыларга айтам", – деп жөнөп кетти. Кечке маал айылдан эки киши ат жетелеп келип мени алып кетишти. Ошентип, дүкөнчү болуп Кең-Сууда согуш бүткүчө иштедим. Айылдаштар да ыраазы, мен да ыраазы. Ал эми "Согуш бүттү!!!" – деп айылга кызыл желек көтөрүп, жарчылар чаап келгенде баарыбыз сүйүнгөнүбүздү айтпа, ыйлап да жиберишти. Анча-мынча жандыгы барлар, эчки-коюн, торпогун суу жээгине жетелеп келип, кан чыгара башташты. От жагып, казан асып дегендей... анан сүйүнгөнүнөн ыйлаганы ыйлап, согушта курман болгондорго куран окутушту.

Ошентип, канча адамдын өмүрүн алган каргашалуу согуш совет аскерлеринин, совет элинин улуу жеңиши менен аяктады. Жеңишке жетүүдө биздин жоокерлердин каармандыгы, эр жүрөктүүлүгү, элибиздин биримдиги, талыкпай эмгектенип, тылды да фронтко айландырганы чечүүчү ролду ойноду. Каргашалуу согуш биздин аскерлердин, совет элинин чоң жеңиши менен аяктады.

Согуштан кийин мен мугалимдин жардамы менен бир жыл даярданып, 8-10-класстын программасы боюнча экзаменге даярданып, ошол орто мектепти бат бүтүрдүм. Жарым жыл райком, комсомолдун мектеп бөлүмүн башкардым Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кандидет болдум. Анан Республикалык Партиялык мектепте комсомол группасында эки жыл окудум. Партшколду бүткөн соң Кызыл-Аскер райондук газетасында редактор болуп иштедим. Бир жарым жылдан кийин "Кыргызстан аялдары" журналынын коомдук-саясий бөлүмүнө башчы болуп дайындалдым. Анда 15 жыл иштедим. КМУнун тил жана журналистика факультетин бүтүрдүм. Бул жумушта Кыргызстан илимдер академиясына Кыргыз Совет Энциклопедиясына жооптуу катчынын орун басары, андан соң "Словник" редакциясынын башчысы болуп иштедим. 1974-жылдан баштап Партиянын Борбордук Комитетинин "Коммунист" журналында адабий кызматкер, эки жылдан кийин критика, библиография бөлүмүнүн редактору болуп 15 жыл иштеп, 1989-жылы 14-мартта пенсияга чыктым.
Байгельдиева Фатима жолдошу менен
Согуш жылдарындагы каарман эмгегим үчүн "За доблестный труд в тылу в Великой Отечественной Войне 1941-1945гг." - деген мамлекеттик медаль менен сыйландым. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасына, Ардак грамотасына, "Эмгектин ардагери" медалына татыктуу болдум. СССР жана Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсүмүн.

"1941-1945 жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгы", "65 жылдыгы" медалдары, 1941-1945-жылдардагы согуш ардагери белгиси менен сыйландым. Ал эми 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгына карата юбилейлик медалга татыктуу болдум.


Согуштун бүткөнүн 75 жыл толсо да улуу совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин Улуу жеңишке жетүүдөгү каарман эмгеги, баштан өткөн кыйынчылыктарды эч эстен чыгара албайм. Элибизге тынчтыкты, бакыбатчылыкты каалайм. Ошону менен катар 75 жыл ичинде төрөлүп эр жеткен адамдарыбыздын көбү "согуш" деген эмне экендигине жетиштүү баа бербей, асыресе "тыл" деген эмне деген түшүнүк экендигин билбегендер бар экендигине өкүнөм. Жылыга мени Жеңиш күнү менен куттуктап келген 9-10-класстардын окуучуларынын кээ бирөөлөрү "тыл" деген эмне деп сурашат. Ал эми эки жылдан бери теле, радио "тылды" кыргызчалатып "ормук же оорук" деп берип жатышат. Түшүнбөйм, "тыл" деген сөздү эч түшүнүксүз сөзгө кыргызчалатуунун зарылдыгы бар беле?

91 жаштагы тылдын ардагери Байгельдиева Фатима Мукашевна

Материалдар атайын "Эсимде" талкуу аянтчасына Байгельдиева Фатима Мукашевнанын өздүк архивинен алынып берилген.

Жасаган: Зарема Колкомбаева

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website